> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда калктын саны 7 млн 450 миңге жетти
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/07/30/myizamsyz-kurulush-zhurguzgon-kompaniiany-kara-tizmege-kirgizuu-sunushtaldy/
- Published: 2026-07-30T04:25:22.000Z
- Updated: 2026-07-30T04:25:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 45,5 миң адамга же 0,6%га көбөйдү.** 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион 370,6 миң, ал эми Ош шаарында 489,3 миң адамды түздү.

Январь- май айларында өлкөдө 53,8 миң ымыркай төрөлүп, 13,1 миң адам каза болгон. Натыйжада калктын табигый өсүшү 40,7 миң адамды түздү.

> *Эң жогорку табигый өсүш Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталса, эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында белгиленди.*

Ошондой эле ушул мезгилде 16 миң 986 нике катталып, былтыркыга салыштырмалуу 928ге көбөйдү.

Ал эми ажырашуулардын саны да өсүп, 6 миң 158 учур катталды.