> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар Кытайда 10 күн визасыз жүрө алышат
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/08/20/kyrgyzstandyktar-kytaida-10-kun-vizasyz-zhuro-alyshat/
- Published: 2026-08-20T05:53:08.000Z
- Updated: 2026-08-20T05:53:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**20-августтан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайга кирүүнүн эки визасыз режими иштей баштады.**

Биринчи тартип боюнча, Кытай аркылуу үчүнчү өлкөгө бара жаткан кыргызстандыктар кийинки сапарын ырастаган билети жана так маршруту болгон учурда өлкөдө 240 саатка - 10 суткага чейин визасыз жүрө алышат.

> *Мындан тышкары, Хайнань провинциясына ачык порттор аркылуу кирген Кыргызстандын жарандарына 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилет.*

Визасыз режим туризм, бизнес, иш сапар жана туугандарга же жакындарга баруу сыяктуу кыска мөөнөттүү сапарларга тиешелүү.