> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик кызматкерлерге бирдиктүү талаптар киргизилет: жүрүм-турум, билим, сырткы келбет ж.б.
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/09/15/mamlekettik-kyzmatkerlerge-birdiktuu-talaptar-kirgizilet-zhurum-turum-bilim-syrtky-kelbet-zh-b/
- Published: 2026-09-15T05:27:41.000Z
- Updated: 2026-09-15T05:27:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды түздөн-түз көрсөткөн кызматкерлер үчүн бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда.** **Долбоордун негизги максаты — жарандар менен иштеген кызматкерлердин кесиптик жүрүм-турумуна, билиминe, даярдыгына, тилдик тейлөөсүнө, сырткы келбетине жана иш алып баруу тартибине бирдей талаптарды белгилөө болуп саналат.**

Бул боюнча мыйзамдын долбоору **Экономика министрлиги** тарабынан **коомдук талкууга** коюлду. Билдирүүгө караганда, кызмат көрсөтүүлөрдү каттаган, жарандардын суроо-талаптарын кабыл алган жана кызматтын жыйынтыгын берген операторлор үчүн типтүү нускама бекитүү каралууда. Долбоор кабыл алынса, операторлор өз алдынча иштей баштаганга чейин окутуудан өтүп, билими текшерилет жана кызмат көрсөтүү жол-жоболору боюнча практикалык даярдыктан өтүшөт.

Долбоорго ылайык, кызматкер жаранга ****толук, так, түшүнүктүү** ***жана** ****актуалдуу** маалымат берүүгө тийиш болот. Мыйзамда же тиешелүү кызмат көрсөтүү тартибинде каралбаган кошумча документтерди талап кылууга жол берилбейт. Кызматкердин ****сырткы көрүнүшү** да - тыкан жана ****кесипкөй** болуп, ****кызматтык төш белгиси** көрүнүктүү жерге тагылышы тийиш. Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды жана **жардамга муктаж** башка **адамдарды** жеткиликтүү жана тоскоолдуксуз ****тейлөөгө өзгөчө көңүл** бурулат.

Долбоордо **жарандардын жеке маалыматтарын** коргоого байланыштуу талаптар да каралган. Мисалы, кызматкерге документтерди берүүдө, эсептик маалыматтарды ачыкка чыгарууда же жарандардын паролдорун жана электрондук кол тамгасынын ачкычтарын алуу үчүн өзүнүн **жеке байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу** салуу сунушталууда.

Мындан тышкары, чыр-чатактар, коопсуздукка **коркунуч жаралган учурлар,** алдамчылык аракеттери жана коррупциялык сунуштар болгон учурда кызматкерлердин **кандай аракет кылышы керектиги** да такталат.

> Документтин авторлорунун айтымында, мындай талаптарды киргизүү зарылдыгы азыркы учурда жарандарды түздөн-түз тейлеген кызматкерлерге карата **бирдиктүү стандарттардын жоктугу менен байланыштуу.** Ар түрдүү мекемелердеги мамиле жана тейлөө деңгээлинин айырмачылыгы ички көзөмөлдү да кыйындатат.

Долбоорго ылайык, кызматкерлердин ишине жүргүзүлгөн ички контролдун жыйынтыктары тейлөөнү жакшыртууга жана кошумча окутууну уюштурууга колдонулат. Ошол эле учурда автоматтык түрдө түзүлгөн көрсөткүчтөр кызматкерди жоопкерчиликке тартууга өз алдынча негиз боло албайт.

Типтүү нускама мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.