> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КМШ өлкөлөрүнүн жаштары үчүн -  STAT.DATATHON-2026 сынагы өтөт
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/09/16/kmsh-olkolorunun-zhashtary-uchun-stat-datathon-2026-synagy-otot/
- Published: 2026-09-16T08:45:13.000Z
- Updated: 2026-09-16T08:45:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттигинин Улуттук статистика бюросу КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин колдоосу менен биринчи жолу эл аралык форматтагы “STAT.DATATHON-2026” сынагын өткөрөт. Мындай билдирүүнү Улуттук статистика кабинетинен кабарлашты.**

**Сынактын негизги максаты** — маалыматтардын негизинде актуалдуу социалдык-экономикалык жана методологиялык маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын издөө, ошондой эле маалыматтар менен иштөө маданиятын жана алардын негизинде чечим кабыл алуу практикасын өнүктүрүү болуп саналат. Сынакты өткөрүүнүн этаптары:

\- 14–18-сентябрь сынакка катышууга арыз берүү;  
\- 21-сентябрь — сынактын расмий ачылышы;  
\- 20-октябрь —жыйынтык чыгаруу.

Сынакка **КМШга мүчө** мамлекеттердин **35 жашка чейинки** жарандары катыша алышат. Катышуу **2ден 5 адамга чейинки топтор** менен жүргүзүлөт. Катышуу үчүн белгиленген мөөнөттө сынактын расмий сайтында жайгаштырылган форма боюнча арыз толтуруу зарыл.

***Улуттук статистика комитети** *\- жаш адистерди, билим берүү мекемелеринин, IT, изилдөө жана башка уюмдардын өкүлдөрүн эл аралык сынакка катышуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, активдүү катышууга чакырат. Сынактын шарттары, катышуу талаптары жана арыз берүү тартиби тууралуу толук маалыматты расмий сайттан алууга болот:* [**datathon.stat.gov.kz*](https://datathon.stat.gov.kz?utm%5Fsource=chatgpt.com)