> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саякат үчүн мыкты топтом жана Кыргызстандын картасында жаңы жер. Шаар аралык Яндекс Go  “Элдик гид” сынагын баштады
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/09/16/saiakat-uchun-mykty-toptom-zhana-kyrgyzstandyn-kartasynda-zhany-zher-shaar-aralyk-iandeks-go-eldik-gid-synagyn-bashtady/
- Published: 2026-09-16T05:07:08.000Z
- Updated: 2026-09-16T05:11:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

> Шаар аралык Яндекс Go “Элдик гид” туристтик долбоорун баштагандыгын билдирди. Демилге Кыргызстандын белгилүү туристтик багыттарынан башка жакта жайгашкан белгисиз жана кооз жерлерди таанытып, жаңы маршруттарды түзүүгө багытталган. Жеңүүчүлөрдү туризм үчүн керектүү баалуу сыйлыктар күтөт.

Кыргызстан өзүнүн жаратылышы менен белгилүү, бирок өлкөдөгү көптөгөн керемет жерлер соцтармактарда чагылдырылбай келет. Андыктан сынактын уюштуруучулары Кыргызстанды жаңыча ачууга — кооздугу менен таң калтырып, өзгөчө эсте калаарлык жерлер менен бөлүшүүгө чакырат.

Катышуунун шарты:

\- Ачык Instagram профилде сүйүктүү жер тууралуу Reels же фотокаруселди жарыялоо;  
\- Сүрөттөмөсүндө пайдалуу маалымат менен бөлүшүү (мисалы: кайдан даамдуу тамактанса болот, тынч уктай турган жер, кайсы убакта күндүн эсте каларлык батышын көрүүгө болот);  
\- Геобелги же координат кошуу;  
\- #Ятут хэштегин колдонуу;  
\- [@yandex.go.kyrgyzstan](https://www.instagram.com/p/DdTJPkmR8D3/) аккаунтун белгилеп, ага жазылуу;  
\- Жыйынтык чыгарылганга чейин маалыматты өчүрбөө жана аккаунтту ачык калтыруу.

Сынакка 15-октябрга чейин катышууга болот. 20-октябрда калыстар тобу жыйынтык чыгарып, билдирүүсү менен Кыргызстанды жаңыча ачып бере алган катышуучуларды аныктайт.

****Эң мыкты үч билдирүүнүн автору -** саякат үчүн керектүү жабдыктардын топтомун алышат: эки кишилик чатыр, уктоочу жууркан кап, каремат жана белгилүү бренддердин бир катар туристтик жабдуулары. Мындан тышкары, дагы 10 катышуучу Яндекс Goнун мерчин жана шаар аралык промокодун алат. Мыкты окуялар жана чырк этмелер расмий видеоальманахка киргизилип, тандалган керемет жерлер Кыргызстан боюнча жаңы жол көрсөтүүчүнүн бир бөлүгү катары Яндекс Картасынын атайын бөлүмүндө пайда болот.