> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик Думага шайлоо аяктады: “Единая Россия” 355 мандат алууга талапкер
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/09/21/mamlekettik-dumaga-shailoo-aiaktady-edinaia-rossiia-355-mandat-aluuga-talapker/
- Published: 2026-09-21T09:45:29.000Z
- Updated: 2026-09-21T09:45:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Россияда Мамлекеттик Думага шайлоодо үч күнгө созулган добуш берүү аяктап, алгачкы жыййынтыгы белгилүү болду. РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгына ылайык, президент Владимир Путиндин “Единая Россия” партиясы Мамлекеттик Думадагы 450 мандаттын 355ине ээ болушу мүмкүн. Бул партиянын буга чейинки көрсөткүчүнөн жогору.**

Добуштардын 95,16%ы эсептелген учурда “Единая Россия” **57,83%** добуш алган. Экинчи орунда КПРФ — 13,81%, үчүнчүдө ЛДПР — 8,98%, төртүнчүдө “Новые люди” — 7,96% менен келе жатат. “Справедливая Россия” 4,96% добуш алып, 5 пайыздык босогодон өтпөй турганы көрсөтүлүүдө.

Алдын ала эсеп боюнча КПРФ 40, ЛДПР 25, “Новые люди” 20, “Справедливая Россия” 4, “Родина” 1 мандат алышы мүмкүн. Дагы 4 мандат өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге тийиши ыктымал.

Шайлоонун жыйынтыгы азырынча акыркы эмес. Добуштарды эсептөө 21-сентябрда аяктары, расмий жыйынтык 25-сентябрдан эрте жарыяланбашы күтүлүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого катышуу көрсөткүчү **59,32%** түздү.