> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/10/18/duinoluk-zhyldyz-shakira-bishkekke-keldi/
- Published: 2026-10-18T02:56:04.000Z
- Updated: 2026-10-18T02:56:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира, бүгүн Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.**

Ал дүйнөлүк жылдызды тосуп алганын айтып, ырчынын сахнадан тышкаркы жөнөкөйлүгүн белгиледи.

> "Сахнада миллиондогон күйөрмандарды суктандырган дүйнөлүк жылдыз жашоодо абдан жөнөкөй, тыпыйган, назик айым экен. Айрыкча колдору кичинекей жана назик", — деп жазды Орунбеков.

Белгилүү болгондой, Шакиранын концерти бүгүн, **18-октябрда,** “Бишкек Аренада” өтөт. Маалыматка ылайык, концертке катышуу үчүн дүйнөнүн ****33төн** ашык өлкөсүнөн күйөрмандар жана туристтер Бишкекке келишүүдө.

> Дайыр Орунбеков мындай эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын дүйнөгө таанылышына жана өлкөнүн аброюнун жогорулашына салым кошоруна үмүт артарын билдирди.