> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/10/26/bazhy-kyzmatynyn-kinologdoru-vedomstvolor-aralyk-meldeshte-zhenishke-zhetishti/
- Published: 2026-10-26T09:31:00.000Z
- Updated: 2026-10-26T09:30:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко **Энцо** аттуу кызматтык ити менен **биринчи орунду**, Наталья Гладкова **Фрея** аттуу ити менен **экинчи орунду** ээледи.

Мелдешке Мамлекеттик бажы кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, “Манас” эл аралык аэропортунун жана “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Мелдештен кийин кинологдор үчүн **окутуу семинары** өткөрүлүп, кызматтык иттерди даярдоодо жыт имитаторлорун жана индикация каражаттарын колдонуунун заманбап ыкмалары каралды. Иш-чаралар Кыргызстандын **бажы кызматынын 35 жылдыгына карата** Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен **уюштурулду.**

****Кинолог** \- иттерди атайын тапшырмаларды аткарууга үйрөткөн жана алар менен бирге иштеген адис. Бажы тармагында кызматтык иттер баңгизаттарды жана башка тыюу салынган заттарды аныктоого жардам берет. Алар жүктөрдү, жүргүнчүлөрдүн багаждарын жана транспорт каражаттарын текшерүүдө колдонулат.