> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мектепке каттоодон - мугалимдерди жумушка алууга чейин кызматтар санариптешүүдө
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/10/28/mektepke-kattoodon-mugalimderdi-zhumushka-aluuga-cheiin-kyzmattar-sanaripteshuudo/
- Published: 2026-10-28T05:07:00.000Z
- Updated: 2026-10-28T05:06:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Кыргызстанда балдарды бала бакчага жана мектепке каттоо, окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө, мугалимдерди жумушка алуу жана жеке мектептерди лицензиялоо кызматтары электрондук форматка өткөрүлүүдө.** **Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.**

> Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы санариптик кызматтарды бириктирген “Билим” порталы (bilim.gov.kg) түзүлгөн. Ага ылайык:

- **ата-энелер** “Балалык” платформасы аркылуу балдарын **бала бакчага**, “Мектеп” системасы аркылуу **биринчи класска** кабыл алууга электрондук арыз берүү;
- “Күндөлүк” системасы **мугалимдерге электрондук журнал** жүргүзүүгө, ата-энелерге балдарынын **бааларын** жана сабакка **катышуусун көзөмөлдөөгө**;
- **Окуучулар үчүн** “Окуу китеби” жана STEM платформаларында электрондук китептер менен **окуу материалдары жеткиликтүү;**
- Ден соолугунун **мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар** жана мигранттардын балдары үчүн **“Тунгуч” онлайн мектеби** ишке киргизилген.

Мындан тышкары, **жеке менчик мектептерди лицензиялоо** боюнча электрондук модуль (license.edu.gov.kg) ишке киргизилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/870096927_18113191793125673_1385490657169911980_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/868288474_18113191727125673_1331620466228783794_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/869028225_18113191754125673_911262127742579014_n.jpg)

Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү үчүн "Устат" жана "Кесип" платформалары иштейт. "Мугалим" маалымат системасында педагогикалык кадрлардын улуттук резерви, бош кызмат орундары жана билим берүү уюмдарынын директорлорун тандоо модулдары түзүлдү. Агартуучулар ведомстволук сыйлыктарды дагы “Мугалим” системасы аркылуу ала баштады.