> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда электросамокат жана электр велосипеддерин колдонуу эрежелери катаалдашы мүмкүн
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/03/rossiiada-elektrosamokat-zhana-elektr-velosipedderin-koldonuu-erezheleri-kataaldashy-mumkun/
- Published: 2026-11-03T05:55:46.000Z
- Updated: 2026-11-03T05:55:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Россиянын Транспорт министрлиги электросамокат, мопед жана велосипеддерди колдонууга байланыштуу жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөрдү даярдады. Документ жакын арада коомдук талкууга чыгарылат. Бул тууралуу** [**Кommersant.ru**](https://www.kommersant.ru/doc/9079363) **маалымат булагы жазып чыкты.**

Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык:

- Курьерлерге электросамокат жана башка ушул сыяктуу транспорт менен **тротуарда жүрүүгө тыюу салынат**.
- Электросамокатка **эки же андан көп адамдын түшүп жүрүүсүнө тыюу** киргизилет.
- Кыймылдаткычынын кубаттуулугу **250 Вттан 4 кВтка чейинки** электросамокат жана электр велосипеддери **мопед катары эсептелет.** Аларды башкаруу үчүн «М» категориясындагы **айдоочулук күбөлүк талап кылынат**.
- **16 жашка чейинкилерге** электросамокат менен жалпы пайдалануудагы көчөлөрдө жүрүүгө **чектөө коюлат**.
- Салмагы **35 кгдан** ашкан **оор электр транспортторуна** тротуар менен жүрүүгө уруксат берилбейт.
- Электросамокаттарды **башаламан токтотууга каршы** атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, айрым жерлерде алар акы төлөнүүчү болушу мүмкүн.

Ошондой эле электр унаалары үчүн бөлүнгөн токтотуучу жайларды **кубаттоо учурунда гана пайдалануу** сунушталууда. Тез жардам, өрт өчүрүү жана полиция кызматтарынын унаалары үчүн атайын жол белгилери киргизилиши мүмкүн.

> РФнын **Транспорт министрлиги** өзгөртүүлөрдүн негизги максаты жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана электр транспортторунун кыймылын жөнгө салуу экенин белгилеген.