> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөдөгү эт өндүрүүнүн жаңы технологиялары
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/05/duinodogu-et-onduruunun-zhany-tekhnologiialary/
- Published: 2026-11-05T03:51:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T03:50:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Дүйнөлүк эт рыногунда суроо-талаптын өсүшү өндүрүштүн альтернативдүү ыкмаларын өнүктүрүүгө түрткү берүүдө. Өсүмдүк белокторунан этке окшош азыктарды даярдоо жана жаныбарлардын клеткаларынан эт өстүрүү келечектүү багыттардын катарына кирет. Бул технологиялар салттуу мал чарбачылыгына альтернатива сунуштап, азык-түлүк өнөр жайы үчүн жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.**

*Кыргыз айыл чарба, илим жана экология* журналисттеринин ассоциациясы берген маалыматка ылайык, **буурчак жана буудай** сыяктуу өсүмдүктөрдөн алынган белокторду кайра иштетүү аркылуу этке окшош азыктарды өндүрүү - **биринчи багыт** болуп эсептелет. Анын натыйжасында, атайын технологиялардын жардамы менен аларга **кадимки этке мүнөздүү даам**, түс жана түзүлүш берилет.

> АКШдагы[ Good Food Institute](https://gfi.org/resource/anticipating-plant-based-meat-production-requirements-2030/?fbclid=IwY2xjawVY2BxleHRuA2FlbQIxMABwZG9mBWJyaWQRMU1ldkFKZDNwbU1FSDZtQkZzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEfP3Lh4EpHxWU1OmMqaQk1in9xrw7Aa9tre5h15J5YNW-fj5Y26KTFB2OorxQ%5Faem%5FRMeJzBP4BbH22Sd6a840%5Fw) уюмунун талдоосунда 2030-жылга карата **өсүмдүк негизиндеги эт** дүйнөлүк эт жана деңиз азыктары рыногунун **6 %** ээлеген шарттуу сценарий каралган. Бул жылына 25 млн тонна продукция өндүрүүнү билдирет. Мындай көлөмгө жетүү үчүн жылдык кубаттуулугу орточо **30 миң тоннаны** түзгөн кеминде 800 өндүрүш ишканасы талап кылынат. Аларды курууга кеминде **27 млрд доллар инвестиция керек** болот.

Ошол эле учурда ****кокос майы** жана ****буурчак белогу** сыяктуу чийки заттардын жетишсиздиги өндүрүштүн кеңейишине тоскоол болушу мүмкүн.

**Ал эми экинчи багыт** \- **клеткадан өстүрүлгөн эт** (cultivated meat). Бул технологияда жаныбарлардын клеткалары атайын азыктандыруучу чөйрөдө көбөйтүлүп, булчуң жана май ткандары калыптандырылат. Натыйжада уйдун, тооктун жана башка жаныбарлардын этине окшош чыныгы эт алынат.

> [McKinsey](https://www.mckinsey.com/industries/agriculture/our-insights/cultivated-meat-out-of-the-lab-into-the-frying-pan?fbclid=IwY2xjawVY2KJleHRuA2FlbQIxMABwZG9mBWJyaWQRMU1ldkFKZDNwbU1FSDZtQkZzcnRjBmFwcF9pZBAyMjIwMzkxNzg4MjAwODkyAAEfVW3mjG2Hc2Wz6JEA5noxlK7v7UNIYmx0Dzwib9ZRcjgoJUiHTn%5Fu2eHNF4o%5Faem%5FIk3ITPH4o1pqcV8iRfsLKg) консалтинг компаниясынын талдоосунда бул тармактын дүйнөлүк рыногу 2030-жылга чейин **25 млрд долларга жетиши мүмкүн** деген божомол берилген. Мындай көлөмгө жетүү үчүн жылына **1,5 млн тонна** клеткадан өстүрүлгөн эт өндүрүү жана биореакторлордун жалпы кубаттуулугун 220–440 млн литрге жеткирүү талап кылынат. Бул үчүн жаңы өндүрүш ишканаларын куруу, технологиялык жабдууларды өнүктүрүү жана ири инвестицияларды тартуу зарыл.

Бирок бул багытта өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүү, технологияны кеңири масштабга чыгаруу жана керектөөчүлөрдүн ишенимине ээ болуу сыяктуу маселелер чечилиши абзел.

> Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (OECD) менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) божомолуна ылайык, дүйнөлүк эт өндүрүшү **2034-жылга карата** 406 млн тоннага жетиши мүмкүн. Бул 2025-жылга салыштырмалуу **13 % көп**. Өсүштүн жарымынан көбү Азия өлкөлөрүнө туура келет.

---

*Жаңы технологиялардын өнүгүшү азык-түлүк өнөр жайы менен гана чектелбейт. Алар биотехнология, химия, инженерия, өндүрүш жабдууларын чыгаруу жана илимий изилдөө тармактарына да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Демек, келечекте эт өндүрүү салттуу мал чарбачылыгы менен катар өсүмдүк белокторун кайра иштетүүгө жана клеткаларды өстүрүүгө негизделген жогорку технологиялык өндүрүшкө да таянышы мүмкүн.*