> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Парагвайда банк кризисинен кийин президент кызматтан кетүү тууралуу арызын берди
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/06/paragvaida-bank-krizisinen-kiiin-prezident-kyzmattan-ketuu-tuuraluu-aryzyn-berdi/
- Published: 2026-11-06T05:29:47.000Z
- Updated: 2026-11-06T05:29:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Парагвайда каржылык абалы начарлаган Ueno Bank банкынын ишмердигине Борбордук банк кийлигишип, аны жөнгө салуу жол-жобосун баштады. Банктын кардарлары эсептерине жана кызматтарына кире албай, өз каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажырады. Бул окуя өлкөдө каржылык жана саясий кризисти жаратты.**

[Euronews](https://ru.euronews.com/2026/11/05/earthquake-in-paraguay-the-collapse-of-ueno-bank-corners-the-government-of-santiago-pena) басылмасынын маалыматына ылайык, Парагвайдын Борбордук банкы - **Ueno Bankтын** к**апитал жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчү** талап кылынган деңгээлден **төмөн түшүп** кеткендигин билдирген. Көзөмөл органы банктын активдерин текшерүү жана аманатчылардын каражатын коргоо үчүн атайын башкаруучуларды дайындаган.

> Маалыматтарга караганда, банктын дээрлик **3 миллион кардары** бар жана ал мамлекеттик мекемелердин болжол менен **850 млн доллар каражатын башкарган.** Анын ичинде **социалдык камсыздандыруу** жана **пенсиялык фонддордун каражаттары** да болгон. Мыйзам боюнча, ар бир аманатчыга **75 минималдуу айлык акыга чейинки сумма кепилденет.** Бул болжол менен 228 млн гуараниге барабар.

Банктагы көйгөйдөн кийин өлкөнүн Борбордук банкынын жетекчиси кызматтан кетти. Ал эми **5-ноябрда Парагвайдын президенти** Сантьяго Пенья да кызматтан **кетүү тууралуу арыз берген.** Буга чейин парламентте ага карата импичмент жараянын баштоо маселеси көтөрүлүп келген.

Банктын ишине байланыштуу тергөө жүрүп, анын **8 жетекчиси** жана кызматкери кармалганы кабарланган. **Тергөө** банктын каржылык операцияларын жана көзөмөл жүргүзүүдө мүмкүн болгон **мыйзам бузууларды иликтеп жатат.**