> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/09/rfnyn-8-aimagynda-migranttarga-taksist-bolup-ishtoogo-chektoo-kirgizuu-plandaluuda/
- Published: 2026-11-09T07:45:51.000Z
- Updated: 2026-11-09T08:02:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Россияда 2027-жылдан тартып сегиз аймакта чет өлкөлүк жарандардын такси кызматында иштөөсүнө чектөө киргизүү пландалууда. Ал эми Калуга облусунда мигранттарга курьер болуп иштөөгө да тыюу салуу каралган. Бул тууралуу** [**“Ведомости”** ](https://www.vedomosti.ru/economics/articles/2026/11/09/1243530-migrantam-zapretyat-rabotat)**басылмасы жазып чыкты.**

> Басылманын маалыматына караганда, чектөөлөр Россиянын **Мордовия, Чувашия, Татарстан, Удмуртия республикаларында,** **Свердлов, Оренбург, Ульяновск** облустарында жана **Еврей** автономиялуу облусунда киргизилиши мүмкүн.

Тиешелүү токтом долбоорун Россиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги даярдаган. Документ октябрдын аягында Россиянын үч тараптуу комиссиясы тарабынан жактырылган. Эми ага **премьер-министр Михаил Мишустин кол коюшу күтүлүүдө.**

Мордовияда мындай чектөө киргизүү зарылдыгы чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы **жол кырсыктарынын статистикасы** менен негизделген. Аймактын ИИМнин маалыматына ылайык, **2024–2025-жылдары** чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда **24 жол кырсыгы** катталып, алардын **алтоосу адам өлүмү** менен аяктаган.

Документте жол эрежелерин бузуу менен катар такси кызматында ****мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү** жана административдик ****жазалардан качуу көйгөйлөрү** белгиленген.