> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/11/iaponiiada-deputatka-shaardyk-keneshtin-zhyiyndaryna-betkap-menen-katyshuuga-uruksat-berildi/
- Published: 2026-11-11T13:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T13:14:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Японияда профессионал рестлер Билли Кен Кид шаардык кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин да өзүнүн фирмалык беткабын чечпей жүрүүгө уруксат алды. Бирок анын ким экенин кеңештин төрагасы ар бир жыйындын алдында жеке өзү текшерүүгө тийиш. Бул тууралуу** [**“Краснодар” телеканалынан** ](https://tvkrasnodar.ru/amp/obshchestvo/2026/11/11/restleru-razreshili-zasedat-v-gorodskom-sovete-v-maske-v-yaponii/)**кабарлашты.**

**52 жаштагы спортчу** октябрь айында Каваниси шаарындагы жергиликтүү шайлоого катышып, **эң көп добуш** алган. Ал Osaka Pro Wrestling уюмунун атынан күрөшөт.

Депутат болуп шайлангандан кийин анын беткабын чечпей жыйындарга катыша алабы деген суроо жаралган. Жергиликтүү бийлик ****компромисстик чечим** кабыл алып, беткап менен келүүгө уруксат берген. Бирок анын өздүгүн кеңештин төрагасы ырастап турушу керек.

> Билли Кен Кид **9-ноябрда** мэрияга **депутат катары** а**лгачкы жолу келген**. Ал кеңештин жыйындарын шоуга айлантууну көздөбөй турганын айтып, өзүн мурдагыдай токтоо алып жүрүп, иштөөгө ниеттенерин билдирген.

Анын депутаттык ишиндеги негизги багыттардын бири — балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/800x400--2-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/800x400--1-.jpg)

****Рестлер** — бул профессионалдык рестлинг (атайын шоу-күрөш) менен алектенген спортчу жана артист. Алар рингде татаал акробатикалык трюктарды, күрөш ыкмаларын жана актёрдук чеберчиликти айкалыштырып, көрүүчүлөргө кызыктуу оюн-зоок тартуулашат.