> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/11/oz-grafigi-zhana-marshrutu-kurerdin-bir-kunu/
- Published: 2026-11-11T12:00:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T12:00:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**24 жаштагы Нурсултан Чыныбек уулу Бишкекте Яндекс Байк менен тамак-аш буйрутмаларын жеткирип иштейт жана жеткирүү абдан ыңгайлуу иш, деп эсептейт. Ал бул тармакка кантип келип калганын, эмне үчүн байк курьерлер үчүн атайын жасалганын жана тамак-аш жеткирүү ага кирешеден тышкары эмне берээрин айтып берди.**

 Нурсултандын ар бир күнү окшош башталат. Эртең менен **саат 9да** туруп, кофе ичет, тамактанат да, биринчи кезекте сумкасы менен байкты тазалоого киришет.

> Электробайк жөнүндө айтып жатып, “ал таза, жакшы көрүнүп турса, өзүм кубанам”, - деп белгилейт.

Саат 11де ишке чыгып, кечки **8ге чейин** Бишкекти кыдырып, буйрутмаларды кабыл алат. Ал Яндекс Go’догу Тамак-аш кызматында сатып алууларды жеткирет жана курьерлик - “абдан эркин иш” деп эсептейт.

Нурсултан **жеткирүү ишине** досунун рефералдык **шилтемеси аркылуу** келген. Бирок ал чечим чыгарууга негиз болгон эмес. Анын иште калышына шаар ичинде башка курьерлер минип жүргөн **электрбайктар түрткү берген**. Буга чейин буйрутма жеткирүү боюнча **тажрыйбасы бар** болгон, бирок азыркыдан айырмаланып в**елосипед менен иштеп келген**. Андыктан, Нурсултан ал кезди жакшы деле эскербейт: кышында суук болчу, аба ырайы начар кезде велосипед менен жүрүү тайгак, электрбайкка караганда кыйла жай жүрөт. Байк болсо, ар мезгилге ылайыкташкан дөңгөлөктөрү менен **саатына 25 чакырымга** чейинки ылдамдыкта иштин натыйжалуулугун жогорулатып, **көбүрөөк буйрутма аткарууга шарт түзөт**.

> “Ал өтө ыңгайлуу жана курьер үчүн атайын жасалгандай. Менимче, жеткирүү менен алектене баштоого бул эң жакшы түрткү берди”, - дейт Нурсултан.

****Электрбайктын батареясы** жай айдаганда болжол менен ****5 саатка** жетет. Андан кийин тандоо бар. Бир жумага **700 сом төлөп,** экинчи батареяны ижарага алып, тыныгуу учурунда үйдөн алмаштырса болот. Же болбосо, велоборборго барып, ****50 сомго** толук кубатталган батарея алууга мүмкүн. Нурсултан биринчи вариантты колдонот. ****9 сааттык иш** убактысында ****50 мүнөт тыныгуу** каралган. Бул убакытта ал үйүнө барып, тамактанып, батареясын алмаштырып, кайра маршрутка чыгат.

Анын эсеби боюнча, сегиз сааттык иште **болжол менен 20 буйрутма** жеткирет. Ошондуктан ижаранын жеңилдетилген шарттарына ээ болуу үчүн зарыл болгон жумасына **90 буйрутманы оңой эле аткарат.** Мындай шартта ижара акысы **4 000 сомдун ордуна 100** сомду түзөт. Анын айтымында, **бул акция менен** жеке бюджетти ойлоп тынчсызданбай, **эркин иштөөгө болот.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/-------------------1.jpeg)

Тамак-аш буйрутмаларын жеткирүү ал үчүн кандайдыр бир деңгээлде **жашоосундагы бурулуш** болду. Нурсултан өзүн **интроверт** деп эсептечү, мурда бейтааныш адамдар менен баарлашуу ага кыйынга турган. Айтымында, **азыр** аны таанып калган кафенин кызматкерлери, башка курьерлер жана кардарлар менен **баарлашуу жеңилдеди.**

> “Жалпысынан тилди бат эле табам. Азыр кандай кардарлар болорун деле түшүнүп калдым. Кээде абдан **позитивдүү адамдар кездешет,** алардан өзүм да **кубат алам.** Кээде албетте, интроверт адамдар жолугат. Бирок мен да интроверт болгондуктан, алар менен кантип баарлашуу керектигин билем жана **бат эле тилин табам**”, — дейт Нурсултан.

Ал баалаган башкы нерсе, бул - ****эркиндик.** Байкты каалаган убакта тапшырып, өзүнчө эмгек өргүүгө барып, кийин кайра ишке кайтып келүүгө болот. Нурсултан бул мүмкүнчүлүктү өзүнүн жеке долбоорлору менен алектенүү үчүн пайдаланат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/-------------------2-1.jpeg)