> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/13/moskvadan-bishkekke-uchmakchy-bolgon-zharandyn-136-mln-rubli-konfiskatsiialandy/
- Published: 2026-11-13T10:13:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T10:12:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Москвадагы Шереметьево аэропортунан Бишкекке учууга камынган 28 жаштагы РФнын жаранынан 136 млн рубль (болжол менен 1,5 млн доллар) конфискацияланды. Бул тууралуу бүгүн Известия Россиянын Федералдык бажы кызматына таянып маалымдады.**

> Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери жүргүнчүнүн жүгүн текшерүү учурунда чемоданынан резина менен таңылган **5 миң рублдик банкноттордун 108 таңгагын** табышкан. Андагы акчанын жалпы суммасы **129 млн рублди түзгөн.** Дагы **7 млн рубль кол жүгүндө** болгон.

Белгилүү болгондой, эркек киши акчанын бир бөлүгүн каттоодон өткөрүү үчүн тапшырган чемоданына, калганын кол жүгүнө салып алган. Ал **учуу аймагына өтүп бара жатканда кармалган**.

Бул факт боюнча Россиянын **Административдик укук бузуулар** жөнүндө кодексинин 16.3-беренесине («Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоо») ылайык иш козголгон. Сот өлкөдөн алып чыгууга уруксат берилген **чектен ашкан акчаны конфискациялоо** чечимин чыгарган.

Буга чейин, Россиянын Федералдык бажы кызматы ****22-сентябрда** Шереметьево аэропортунда ****Кытай жаранынан** ****965 даана күмүш** зер буюмду аныктаган. Анын жалпы баасы болжол менен ****5 млн рублди** түзгөн. Ал буюмдарды декларациялануучу товарлары жок экенин билдирген «жашыл коридор» аркылуу алып өтүүгө аракет кылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ага ****5 жылга чейин эркинен ажыратуу** же ****1 млн рублге чейин айып пул салуу** жазасы каралган.