> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Индия электрондук виза алуу тартибин жеңилдетет: анкета 70%га кыскарат
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/11/16/indiia-elektronduk-viza-aluu-tartibin-zhenildetet-anketa-70-ga-kyskarat/
- Published: 2026-11-16T10:43:00.000Z
- Updated: 2026-11-16T10:43:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Индия электрондук виза алуу үчүн толтурулуучу анкеталардагы милдеттүү маалыматтардын санын 65–70%га кыскартууну пландаштырууда. Жаңыланган формаларды 2026-жылдын аягына чейин киргизүү күтүлүүдө.**

Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен [Euronews](https://ru.euronews.com/2026/11/16/dreaming-of-visiting-the-taj-mahal-getting-a-visa-to-visit-india-is-about-to-become-easier) жазып чыкты.

Учурда Индия визасына арыз берүүдө талапкерлерден бир топ кеңири маалымат талап кылынат. Мисалы, ата-энесинин азыркы жана **мурдагы жарандыгы,** акыркы 10 жылда **барган өлкөлөрүнүн тизмесин жазып**, Индиядагы байланыш адамы тууралуу кеңири маалымат бериши керектелет.

Ал эми жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин анкетадагы милдеттүү талаалардын саны виза категориясына жараша **65–70%га азаят.** Бирок кайсы маалыматтар алынып салынары азырынча так айтыла элек.

> Билдирүүгө караганда, визалардын **негизги категориялары** 13төн 9га, ал эми кошумча категориялары **49дан 23кө кыскартылаары** маалымдалды. Жаңы негизги категорияларга ишкердик, дипломатиялык, жумуш, журналисттик, медициналык, расмий, студенттик, визиттик жана башка визалар кирет.

****Туристтик виза** эми ****визиттик виза** деп аталып, анын уруксат берилген максаттары кеңейтилет. Мисалы, 30 күндүк V-1 визасы туризмден тышкары ишкердик жолугушууларга, медициналык консультацияларга, кыска мөөнөттүү дарыланууга жана индия тилдерин, музыкасын, искусствосун үйрөнүү курстарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.