
Быйыл жарым жыл ичинде КР Өзбекстанга экспортту 15%га көбөйттү, импорт кыскарды
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылдын январь-июнь айларында 277.4 млн долларды түзүп, ал 10.6%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат. Анын ичинде: * экспорт 113.9 млн долларды түзүп, 14.7%га көбөйдү * импорт 163.5 млн долларды түзүп, 8%га кыскарды. 2023-жылдын январь-июнь Өзбекстанга төмөнкү