> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин мэриясы 165 эскирген автотранспортун аукцион аркылуу сатат – шарттар
- URL: https://im.kg/transport/2023/10/18/bishkiektin-meriiasy-165-eskirghien-avtotransportun-auktsion-arkyluu-satat-sharttar/
- Published: 2023-10-18T13:00:31.000Z
- Updated: 2023-10-18T13:00:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Транспорт, #Import 2025-07-22 12:57

**Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 2023-жылдын 27-ноябрында «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» МИ жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэрисы билдирди.**

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

· лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

· жеке арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;

· арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке адамдын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;

· кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Арыздар 2023-жылдын 13-ноябрына чейин Бишкек ш., Чокморов к. 246\. дареги боюнча кабыл алынат.