Бишкектин мэриясы 165 эскирген автотранспортун аукцион аркылуу сатат – шарттар

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 2023-жылдын 27-ноябрында «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» МИ жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэрисы билдирди.

Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

·         лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

·         жеке арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;

·         арыз берүүчү юридикалык жактын жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке адамдын же юридикалык жактын-арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;

·         кепилдик төлөмдүн (депозиттин) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.

Арыздар 2023-жылдын 13-ноябрына чейин Бишкек ш., Чокморов к. 246. дареги боюнча кабыл алынат.