> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Декабрь айында дыйкандар 4 млрд сомго айыл чарба техникасын лизингге алышты
- URL: https://im.kg/transport/2024/01/09/dyikandar-4-mlrd-somduk-aiyl-charba-tiekhnikasyn-lizinghghie-alyshty/
- Published: 2024-01-09T04:03:29.000Z
- Updated: 2024-01-09T04:03:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын декабрь айында Кыргызстандын дыйкандары жеңилдетилген насыянын шартында 4.3 млрд сомго 1155 айыл чарба техникасын алышкан. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Аталган демилге айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоого багытталган. 

> Долбоордун аткаруучу оператору "Айыл банк" техника жана жабдуулардын бардык түрлөрүн жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берет.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин дыйкандар **13.7 млрд** сомго **6617** техниканы лизинг жолу аркылуу алышкан.