Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда баалардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-январына карата республика боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 63.03 сомду, дизель майы 70.9 сомду түзгөн.

"Азыркы учурда республикада КММ запастары жетиштүү санда бар, бул өз кезегинде рыноктогу бааларды турукташтырууга оң таасирин тийгизет", —деп белгиледи министрлик.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мунай продуктыларына болгон жылдык керектөө болжол менен 1.4 млн тоннаны түзөт. Бензинди орточо суткалык керектөөсү 1781 тоннаны, ал эми дизель майынкы 1507 тоннаны түзөт.