> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен
- URL: https://im.kg/transport/2024/01/10/talasta-kyzmatkierlier-zhol-kuruu-uchurunda-mamliekietkie-7-mln-som-zyian-kieltirishkien/
- Published: 2024-01-10T11:01:34.000Z
- Updated: 2024-01-11T08:07:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Import 2025-07-22 12:57

**"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.**

Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген. 

> Текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн сом зыян келтирилип. Учурда анын орду толук толтурулду.