Таласта кызматкерлер жол куруу учурунда мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкен

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн сом зыян келтирилип. Учурда анын орду толук толтурулду.