> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Кара-Балта жолу кеңейди
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/07/bishkiek-kara-balta-zholu-kienieidi/
- Published: 2025-10-07T05:25:15.000Z
- Updated: 2025-10-08T08:04:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бишкек** – **Кара-Балта стратегиялык трассасын реконструкциялоо долбооруна Кыргызстан бюджетинен 92 млн доллар (68,5 млн насыя жана 9,5 млн грант) жумшалганын Транспорт министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Нурмат Калмурзаев билдирди.** 

Анын айтымында, АӨБ аркылуу тартылган бул сумманын басымдуу бөлүгү мамлекеттик карыздык милдеттемесине кирет. “2024-жылы жолдун 52,5-километрлик участогу курулуп бүттү. 4 тилкелүү трассаны 6 тилкелүү кылып, жер астындагы 7 жөө адамдар өтмөктөрү реконструкцияланды. Бул жолдун оңдолушунун башкы натыйжасы автожол кырсыктарын 18 %га кыскартуу эле эмес, мыйзамдык реформа да болду”,- дейт ал.