> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарын тегерете курчаган айланма жол курулат
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/09/bishkiek-shaaryn-tieghierietie-kurchaghan-ailanma-zhol-kurulat/
- Published: 2025-10-09T03:30:03.000Z
- Updated: 2025-10-09T03:30:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарын айланта курчаган айланма жол курулары пландалып жатканын шаар мэри Айбек Жунушалиев АКИpress маалымат агенттигине билдирди.** 

> “Чыгыш жана түштүк айланма жолдору келечекте бир айланма системасын, башкача айтканда, сырткы, ортоңку жана ички айланма жолун түзүш керек. Ошондо гана жолдор ачылат. 10-октябрга жакын биз Калинин көчөсүн ачабыз, андан соң Ауэзов көчөсүнө өтөбүз. Ошону менен аны чыгыш айланма жолу катары түштүк тарабынан туюктайбыз”,-дейт калаа башчысы. 

Эске салсак, буга чейин Шаардык транспорт жана жол-транспорт инфраструктураларын өнүктүрүү департаментинин орун басары Абдыжапаркул Жанболотов транзиттик унааларды шаартын сыртындагы жолдорго чыгаруу пландалып жатканын айткан.