> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин айтты
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/13/shavkat-mirziioiev-kytai-kyrghyzstan-ozbiekstan-tiemir-zholunun-maanisin-aitty/
- Published: 2025-10-13T04:00:29.000Z
- Updated: 2025-10-13T04:00:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Өзбекстан жетекчиси Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорунун стратегиялык мааниси чоң экенин билдирди.** 

Анын айтымында, бул долбоор эл аралык транзиттик коридорлорду өнүктүрүүдө, түрк мамлекеттеринин транспорттук байланышын чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.

> "Эгерде Ортоңку коридор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана келечектеги Трансафган коридору менен туташса, биздин аймакта көп тармактуу стратегиялык магистраль системасы түзүлөт", — деди Шавкат Мирзиёев.

Буга улай ал транспорт тармагындагы демилгелер 12-ноябрда Ташкентте өтө турган эл аралык форумда кенен талкууланаарын баса белгиледи.