> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт көзөмөлү боюнча 9 айда 59,2 млн сомго протокол түзүлгөн
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/13/transport-kozomolu-boiuncha-9-aida-59-2-mln-somgho-protokol-tuzulghon/
- Published: 2025-10-13T10:33:49.000Z
- Updated: 2025-10-13T10:33:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар кодексинин 181-беренеси боюнча бекитилген салмакөлчөм нормаларын сактабагандыгы үчүн 2025-жылдын 9 айында 3 158 протокол түзүлгөнүн Жер жана суу транспорт департаментинин материалдарында айтылат.** 

> Түзүлгөн протоколдорго ылайык салынган айып пулдардын жалпы суммасы 59,2 млн. сомду түзгөн. 2024-жылдын ушул мезгилинде 36,1 млн. сомго 1921 протокол түзүлгөн. 

Ошондой эле салмакөлчөм көзөмөлүнүн жыйынтыгы боюнча: 

\-автомобиль жолдоруна келтирилген зыян боюнча кайра калыбына келтирүү жыйымы 10,4 млн сом;

\-салмакөлчөмдүк параметрлерди ченөө жыйымы – 5,7 млн сом;

\-ири габариттүү жана оор салмактык жүктөрдү ташууга атайын уруксатты берүү жыйымы – 251 млн сом болгон.