> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб айрым компанияларга кузовдорду алып кирүүгө уруксат берди
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/16/minkab-airym-kompaniialargha-kuzovdordu-alyp-kiruugho-uruksat-bierdi/
- Published: 2025-10-16T05:33:40.000Z
- Updated: 2025-10-16T05:33:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Буга чейин Министрлер Кабинети №633 токтом менен автоунаалардын кузовдорун Кыргызстанга 6 айга чейин алып кирүүгө тыюу салганын маалымдаганбыз.** 

МинКаб эми мындай чектөөнү айрым компаниялардан алып салды. Алар: “ДТ Техник” ЖЧКсы, “Шумкар” трансулуттук корпорациясы” ААКсы, Кытай-Кыргызстан биргелешкен “Жису” автомобиль өнөр жай ЖЧКсы, “Шунфа”, “Мурат Авто”, Кыргыз Унаа Курулуш”, Меридиан Голд” ишканалары. 

Алып кирүүгө тыюу салынган кузовдор 8707 10 900 0 ТН ВЭД ЕАЭС коду менен классификацияланат. Буга байланыштуу Экономика министрлигине бул чектөө боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Евразия экономикалык комиссиясынын катчылыгына, а ТИМге КМШ аткаруу комитетине бул чектөө боюнча билдирүү кылуу тапшырмасы берилди.