> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айланма жолго орнотулган темир-бетон устундардын сапаты текшерилди
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/17/ailanma-zholgho-ornotulghan-tiemir-bieton-ustundardyn-sapaty-tiekshierildi/
- Published: 2025-10-17T09:42:11.000Z
- Updated: 2025-10-17T09:42:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Бишкектин айланма жолундагы эстакада куруу иштери жүрүп жаткан жерде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, 30 метрлик темир-бетон устундар сыноодон өткөрүлүп, алардын жаракаларга туруктуулугу, бекемдиги жана курулуш нормаларына шайкештиги бааланды.

Текшерүүнүн негизги максаты — курулушта колдонулуп жаткан материалдардын сапатын көзөмөлдөө жана көпүрө конструкцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/81.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/82.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/83.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/84.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/85.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/86.jpg)