> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/17/bishkiektie-153-ekspriess-kattamy-tunkusun-da-zhuro-bashtady/
- Published: 2025-10-17T11:20:25.000Z
- Updated: 2025-10-17T11:20:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында бүгүндөн тарта №153 "Асанбай – "Манас" эл аралык аэропорту" экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Бул чечим "Жол кеңеши – 2025" алкагында кабыл алынган.

Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.

> Эскерте кетсек, маршрут экспресс болуп саналат, токтоочу жайлар так аныкталган. Белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу болуп эсептелет.