> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте экинчи ротордук токтотмо ишке берилди
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/17/bishkiektie-ekinchi-rotorduk-toktotmo-ishkie-bierildi/
- Published: 2025-10-17T10:52:19.000Z
- Updated: 2025-10-17T10:52:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт, Коом

**Бишкек шаарында "Аламүдүн" базарынын аймагында экинчи ротордук токтотмо ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.**   
  
Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген жана мейкиндикти кыйла үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм QR-код аркылуу ыңгайлуу жана тез жүргүзүлөт. Төлөм ийгиликтүү бүткөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.  
  
Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарында токтотмо жайларынын жетишсиздиги маселесин чечүүгө дагы бир кадам болуп, шаар тургундары үчүн токтотууну ыңгайлуу кылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------------1-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------------2-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------------3-1.jpeg)