> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өтмөк ашуусунда жолдун сапаты керн үлгүлөрү менен текшерилип жатат
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/20/otmok-ashuusunda-zholdun-sapaty-kiern-ulghuloru-mienien-tiekshierilip-zhatat/
- Published: 2025-10-20T06:12:44.000Z
- Updated: 2025-10-20T06:12:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Талас облусунда, 3300 метр бийиктикте жайгашкан Өтмөк ашуусунда төшөлгөн асфальт-бетондон керн үлгүлөрүн алышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

Керн үлгүсүн алуу иштери түз эле объектинин өзүндө жүргүзүлдү. Андан соң алынган материалдар лабораториялык шартта изилденет. Изилдөөдө керндин тыгыздыгы, суу сиңирүүсү, тыгыздык коэффициенти жана жалпы сапаты аныкталат.

> Бул сыноолордун жыйынтыгында жолдун курулушунда талап кылынган курулуш ченемдери жана стандарттарына туура келеби же жокпу такталып, унаа жолдун эксплуатациялык ишенимдүүлүгү камсыз болот.