> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай 8 айда Кыргызстанга 66 288 унаа экспорттоду
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/21/kytai-8-aida-kyrghyzstangha-66-288-unta-eksporttodu/
- Published: 2025-10-21T07:21:15.000Z
- Updated: 2025-10-21T07:21:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кытай Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2025-жылдын сентябрь айында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон автоунаалар былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 21%га көп болгон.**

> Былтыркы жылдын 8 айында Кытайдан Кыргызстанга жалпы 54 715 унаа кирсе, быйыл 8 айда 66 288 жеңил унаа импорттолгон. Эске салсак, 2024-жылы Кытай Кыргызстанга 1,9 млрд доллар суммада 85 428 автоунаа экспорттогон. 

> Ошондой эле Россиянын “Автостат” агенттигинин маалыматы боюнча Россияга сентябрь айында 48,4 миң импорттук жеңил унаа кирген. Мунун ичинен Кытайдан кирген автоунаалардын саны ушул айда 14%дан 20%га чейин өскөн.