> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорттук текшерүүлөрдөн бюджетке 324 млн сом чогулду
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/21/transporttuk-tiekshieruulordon-biudzhietkie-324-mln-som-choghuldu/
- Published: 2025-10-21T06:23:36.000Z
- Updated: 2025-10-21T06:23:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 7035 транспорт мыйзамдарын бузуу фактысы катталып, бюджетке 324 млн сом чегерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.**

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 790 638 жүргүнчү ташыган жана жүк ташыган унаа текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарын бузган фактылар боюнча 7035 протокол түзүлдү.

> Жалпы текшерүүлөр учурунда эл аралык келишимдердин талаптары, жүргүнчү ташуулардагы эрежелер, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана салмак-габариттик көзөмөл каралды. Бюджетке чегерилген сумма 324 млн 12 миң 262 сомду түзүп, 2024-жылдын 9 айындагыга салыштырмалуу 86,2 млн сомдон көп болду.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүп, транспорттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында улантылат.