> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Lada Iskra автоунаасы сатыкка чыкты
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/22/lada-iskra-avtounaasy-satykka-chykty/
- Published: 2025-10-22T09:47:57.000Z
- Updated: 2025-10-22T09:47:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Россиянын “АвтоВАЗ” заводу октябрда 200 миң Lada Iskra автоунаасын сатууну жана кийинки айларда андан да кыйла эсе көп сатууну көздөп жатканын РИА Новости агенттигине компаниянын президенти Максим Соколов айтып берди.** 

> “Автостат” агенттигинин билдирүүсү боюнча Lada Iskra үлгүсүндөгү жаңы автоунаанын алгачкы 21и июль айында сатылса, августта 13, сентябрда 94 унаа сатылган. 

> Lada Iskra – “В” классындагы автоунаалардын жаңы партиясы. Анын линиясына седан, универсал жана Cross версиясындагы жогорку өтүмдүүлүктөгү универсал кирет. Ladaнын моделдик катарында бул унаа Granta менен Vesta моделдеринин ортосундагы орунду ээлейт. 

> Моделдин сериялык өндүрүшү 19-имартта Толяттиде ишке кирип, 20-июлда Москва, Санкт-Петербург жана Толяттиде 1,25 млн рублдан жогору сатыла баштаган. 

Соколовдун ишениминде, бул модель популярдуулук менен колдонулуп, аны сатуу арифметикалык прогрессияда көбөйөт.