> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы Кыргызстанда жалпы 1200 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/24/2025-zhyly-kyrghyzstanda-zhalpy-1200-kilomietrdien-ashyk-zholgho-asfalt-tosholdu/
- Published: 2025-10-24T05:44:43.000Z
- Updated: 2025-10-24T05:44:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып Кыргызстанда жыл башынан бери 1200дөн ашык чакырым жол асфальтталганын билдирди.** 

> Министрдин айтымында, акыркы жылдарда жол тармагынын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп, Барскоон - Бедел, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Нарын - Баетов унаа жолдору мамлекеттин эсебинен курулуп жатат. 

“Ошондой эле Бишкек шаарынын айланасындагы жолдорду кеңейтүүнүн алкагында Бишкек - Кант, Бишкек - Күн-Туу - Шопоков, Лебединовка - ГЭС 5 жана Бишкектин - Түндүк айланма жолдору курулуп жатат. Жол тыгынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында министрлик быйыл шаарды айланып өтүүчү 6 тилкелүү магистралды куруу иштерине активдүү киришкен. 

Мындан сырткары, Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 5 кошумча курулманы куруу уланып, жарактан чыккан Өзгөн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөн. 

Көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген Ош - Баткен - Раззаков жолу жасалды. Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, аймактык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп-Кеген жолу ачылды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди", - деди министр.