> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын жаңы генпланында коомдук транспорттун  3 системасы сунушталды
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/27/bishkiek-shaarynyn-zhany-ghienplanynda-koomduk-transporttun-3-sistiemasy-sunushtaldy/
- Published: 2025-10-27T07:39:55.000Z
- Updated: 2025-10-27T07:39:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын планында жеткирүү жөндөмдүүлүгү жогору жүргүнчү ташуучу коомдук транспорттун 3 жаңы системасын түзүү каралып жатат.** 

Документке ылайык, биринчиси – Кожомкул жана Покровка айылдары менен агломерациялык байланыш кылган “батыш-борбор-чыгыш” багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу ички шаардык транспорт. Бул темир жолдун 28 километрин электрлештирүү, бир жолдуу участоктордо экинчи жолдорду куруу, “Бишкек-1”, “Бишкек-2”, “Сокулук”, “Аламүдүн” темиржол станцияларын оңдоо, 4 жаңы жана 4 мурдагы темир жол аялдама пункттарын реконструкциялоо, ошондой эле темир депосун куруу болжолдонуп жатат. 

Экинчи система ­ – пландаштырылган автобекетке кошула турган, “түштүк – борбор” жана “түштүк-батыш – түштүк-чыгыш” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жеңил релстүү транспорт(трамвай). Бул система боюнча жалпы узундугу 45,1 километр келген трамвай линиясын жана депосун куруу болжолдонгон. 

Үчүнчү система ­– жалпы узундугу 93,4 километрге созулган “түндүк – түштүк” жана “түндүк – борбор” багытындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу, автовокзалдарга, “Манас” эл аралык аэродромуна кошулган метробус. Мындан сырткары, шаардын жаңы планында автобус, электробустар үчүн 685,4 чакырым магистралдык жол түйүнүн куруу каралып жатат.