> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргыз темир жолу" МИси 50% таза кирешесин эми бюджетке которбойт
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/28/kyrghyz-tiemir-zholu-misi-50-taza-kirieshiesin-emi-biudzhietkie-kotorboit/
- Published: 2025-10-28T03:53:48.000Z
- Updated: 2025-10-28T03:53:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Министрлер Кабинети №666 токтому менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясын” мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү иш чараларын бекитти.** 

> Токтомго ылайык, компания эми 2026-2030-жылдардагы таза кирешесинин 50%ын Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушуна жана өзүнүн өнүгүүсүнө жумшай алат. Буга чейин бул каражат өлкө казынасын түшүп турган. 

Мындан сырткары, МинКаб 2019-жылы 11-сентябрдагы №468 токтомундагы “2025-жылдар” деген сөздү “2025-жылдар” дегенге алмаштыруу менен мамлекеттик мекемелердин ишинин өзгөчөлүгүн жөнгө салуучу нормалардын иштөөсүн 2030-жылга чейин узартты. 

> Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” квартал сайын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттиги менен Транспорт жана коммуникация министрлигине 50% таза кирешенин максаттуу пайдаланышы боюнча отчет берүүгө милдеттүү.