> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте чыгырыктар үчүн тыюу салынган 12 атайын аймак бар
- URL: https://im.kg/transport/2025/10/29/bishkiektie-chyghyryktar-uchun-tyiuu-salynghan-12-ataiyn-aimak-bar/
- Published: 2025-10-29T07:08:59.000Z
- Updated: 2025-10-29T10:11:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Коом

**Бишкек шаарында чыгырыктар (электросамокаттар) менен жүрүүгө тыюу салынган 12 атайын аймак бар. Бул аймактарга жеткенде самокаттар автоматтык түрдө токтойт, жана бул процесс толугу менен GPS аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов бүгүн, 29-октябрда, журналисттер менен жолугушууда билдирди.** 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/------------111111.webp)

Тилек Сулайманов

> “Бул система колдонуучуларга кайсы жерде чыгырыктар менен жүрүүгө болорун жана кайсы жерде токтош керек экенин так көрсөтөт”, — деди Сулайманов.

Андан тышкары, Бишкекте самокаттардын ылдамдыгы саатына 15 км менен чектелген 17 аймак бар. “Бул шаар ичиндеги ылдамдыкты натыйжалуу чектөөгө жана жолдо коопсуздукту сактоого жардам берет”, — деп кошумчалады Сулайманов.

Электросамокаттардын эң жогорку ылдамдыгы саатына 25 км деп белгиленген. Так кайсы аймактарда самокат менен жүрүүгө болбой турганын жана кайсы жерлерде ылдамдыкты ашырбоо керек экенин колдонуучулар “Яндекс” тиркемесинен көрө алышат.