> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги айдоочуларды кышкы дөңгөлөккө өтүүгө чакырат
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/04/transport-ministrlighi-aidoochulardy-kyshky-dongholokko-otuugho-chakyrat/
- Published: 2025-11-04T04:48:49.000Z
- Updated: 2025-11-04T04:48:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан бидиришти.** 

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү иштерин аткарып жатат.

Бүгүн, 4-ноябрга карата саат 09:00го Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (саат 07:00дөн тарта) жана Ала-Бел (саат 05:10дон тарта) ашууларында, ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда (саат 07:00дөн тарта) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Министрлик жол эрежелерин так сактоого, каршы тилкеге чыкпоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат. Кошумча маалымат берилет.