> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө аймагында жолдорду тазалоо иштери уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/05/olko-aimaghynda-zholdordu-tazaloo-ishtieri-ulanuuda/
- Published: 2025-11-05T05:24:11.000Z
- Updated: 2025-11-05T05:24:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан жолдордо алдын алуу иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, №9 жана №36 Жол тейлөө ишканалары инерттик материалдарды себүү менен жолдорду тазалап жатат.

5-ноябрга карата Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга, каршы тилкеге чыкпоо жана жол эрежелерин сактоого чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1111-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2222-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5555.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3333.jpeg)