> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Унаа токтотмолорундагы төлөмдөр QR-код аркылуу төлөнүп баштайт
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/12/unaa-toktomolorundaghy-tolomdor-qr-kod-arkyluu-tolonup-bashtait/
- Published: 2025-11-12T11:51:15.000Z
- Updated: 2025-11-12T11:51:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Бишкектеги унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап, накталай эмес ыкмасы киргизилгенин мэрия кабарлады. Муниципалитеттен билдиришкендей, эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот жана мындай инновациялык кадам менен унаа токтотуучу жайлардагы кызматкерлерге накталай акча берүү токтотулат.** 

**QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү тартиби**

- Унааны токтоткондон кийин телефонуңуздун камерасын алдыңыздагы QR-кодго багыттаңыз.
- QR-кодду скандагандан кийин GDTI.KG сайтына өтөсүз.
- Сайттагы тиешелүү бөлүмгө унааңыздын мамлекеттик номерин киргизиңиз.
- Сунушталган банк карталарынын бирин тандап, 25 сом төлөп, төлөмдү аяктаңыз.

Төлөмдү унааңызды токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсөңүз болот.

**Айып пулдар жана жеңилдиктер**

- Эгер айдоочу унаасын токтоткондугу үчүн төлөм жүргүзбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.
- Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.

**Учурда QR-код системасы төмөнкү көчөлөрдүн аралыктарында иштеп жатат:**

- Орозбеков көчөсү (Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин);
- Турусбеков көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин);
- Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрү.