> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жүк ташуулардагы тартип бузуулар боюнча айып пулдардын суммасы 3 эсеге өскөн
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/12/zhuk-tashuulardaghy-tartip-buzuular-boiuncha-aiyp-puldardyn-summasy-3-esieghie-oskon/
- Published: 2025-11-12T05:10:12.000Z
- Updated: 2025-11-12T05:10:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**2025-жылдын январь-октябрь айларында эл аралык жүк ташуулардагы тартип бузуулар боюнча 695 протокол түзүлгөнүн жана бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,4%га жогору экенин Жер жана суу транспорту департаментинин маалыматында айтылды.** 

> Жазылган айып пулдардын суммасы 3 млн 587 миң сомдон 10 млн 409 миң сомго өсүп, дээрлик 3 эсеге көбөйгөн. 

Ведомствонун маалыматы боюнча типтүү эреже бузууларга:

\- уруксат берүүчү документтерге жана маршруттарга болгон талаптарды сактабоо;

\- жүк ташуу шарттарын бузуу;

\- коштоочу бланктардагы каталар. 

Тартип бузуулардын өсүшү транспорттук-көзөмөл пункттарындагы жана чек ара өтмөктөрүндөгү көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө, ошондой эле машруттар, уруксат берүүлөр жана транспорт каражаттары боюнча маалыматтарды дал келтирүүнү жөнөкөйлөткөн процесстердин санариптешүүсүнө байланыштуу экени департамент билдирген.