> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Борбор Азиядагы транспорттук коридорлорду күчөтүүгө салым кошот
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/13/kyrghyzstan-borbor-aziiadaghy-transporttuk-koridorlordu-kuchotuugho-salym-koshot/
- Published: 2025-11-13T06:44:04.000Z
- Updated: 2025-11-13T06:44:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Кечээ, 12-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин жыйынында катышып, аймактык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана мультимодалдык коридорлорду түзүү боюнча демилгелерди талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Министр кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарындагы жүк ташуунун көбөйгөндүгүн белгилеп, "Бедел" ашуусундагы үчүнчү транспорттук коридордун курулушу 2027-жылы бүтөрүн, анын ишке кириши менен транзит убактысынын 12 саатка кыскарарын маалымдады.

Сыргабаев ошондой эле электрондук уруксат бланктарын алмашуу системасын (E-Permit) ишке киргизүү жана Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүү сунушун билдирди.

Жыйынтыгында министр Кыргызстан бул тармактагы бардык демилгелерге активдүү катышууга даяр экенин баса белгиледи.