> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда аэровокзал куруу үчүн 3,59 гектар жер участогу трансформацияланды
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/13/osh-oblusunda-aerovokzal-kuruu-uchun-3-59-ghiektar-zhier-uchastoghu-transformatsiialandy/
- Published: 2025-11-13T04:49:56.000Z
- Updated: 2025-11-13T04:49:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**МинКаб 2025-жылдын 28-октябрдагы №702 токтому менен Ош облусунун Кызыл-Кыштак аймагындагы 3,59 гектар жер участогун “айыл чарба багытындагы” категориядан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которду.**

Аталган участок жаңы аэровокзал курууга жана учуп-конуучу тилкени кеңейтүү үчүн пайдаланылат. 

Ош мэриясына жер-каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү; шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү; участокту максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу; нөшөр жана мөңгү сууларын агызуу жана сейсмикалык коргоо чараларын жүргүзүү; тарыхый-маданий объектилерди сактоо; айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгаша менен алынбай калган кирешени компенсациялоо; аз продуктивдүү жерлерди ишке киргизүү менен аянтты калыбына келтирүү тапшырмалары берилди.