> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Байтик айылынан Кашка-Сууга чейин 9 км веложол курулууда
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/14/baitik-aiylynan-kashka-suugha-chieiin-9-km-vielozhol-kuruluuda/
- Published: 2025-11-14T03:53:16.000Z
- Updated: 2025-11-14T03:53:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Чүй облусунун Аламүдүн районунда Байтик айылын Кашка-Суу айылы менен бириктирген жаңы веложолдун курулушу уланууда. Долбоордун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Учурда анын 4,3 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүгүндө бордюр орнотуу жана жер иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №25 жол тейлөө ишканасы аткарууда.

Жаңы веложол аймак тургундары үчүн сергек жашоо образын жайылтууга, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.