> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай автоунааларын сыртка чыгарууга 2026-жылы чектөөлөр кирет
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/18/kytai-avtounaalaryn-syrtka-chygharuugha-2026-zhyly-chiektoolor-kiriet/
- Published: 2025-11-18T04:38:41.000Z
- Updated: 2025-11-18T04:38:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**КЭРдин Соода министри өлкөнүн Өнөр жай министри жана Башкы бажы башкармалыгы менен биргеликте 2026-жылдын 1-январынан тарта “колдонулган” деген түр менен чыгарылып жаткан автомобилдерди сыртка чыгарууга кошумча чектөө киргизери Кытай Соода министринин расмий сайтына жарыяланды.** 

> Ал чектөөлөргө ылайык, Кытайда катталгандан бери 180 күн өткөн унааларды алып чыгыш үчүн экспорттоочу бажыда өндүрүүчүдөн унаа кайсыл өлкөгө жеткирилерин жана ошол өлкөдө “сатуудан кийинки кызмат көрсөтө турган” соода борборлорунун бар экендигин көрсөткөн катты көрсөтүшү керек. Эгер бул талап аткарылбаса ага Кытайдан сыртка унаа алып чыгууга уруксат берүүчү лицензия берилбейт. 

> Бул реформа жаңы унааларды экспорттоо үчүн колодонулган унаа деп каттоо системасына каршы багыталганы айтылат. Кытайдын Автомобиль дилерлери ассоциациясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы экинчи рыноктогу автоунаалардын 13%ында катталганына 3 айга жете элек убакыт жана 50 километр гана жол жүрүүсү көрсөтүлгөн. 

Эксперттер жаңы эреженин кириши “такыр жүрбөгөн” схемасы менен иштеген чакан жана орто импортерлорго сокуу урарын айтышат. Бул баалардын 5-15%га өсүшүн жана жеткирүү мөөнөтүнүн 2-3 айга узарышына алып келет.