> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/19/barskoon-biediel-zholunun-kurulushu-zhany-transporttuk-koridordu-tuzot/
- Published: 2025-11-19T08:09:22.000Z
- Updated: 2025-11-19T08:09:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражаты менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу активдүү жүрүүдө. Алардын сап башында кыска убакыттын ичинде башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел автожолу турат. 

Бул жол Кытай менен түз транспорттук байланышты камсыз кыла турган жаңы коридор катары каралууда. Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошот,-деп айтылат маалыматта.