> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын аэропортуна барчу жол асфальтталды
- URL: https://im.kg/transport/2025/11/25/naryn-aeroportuna-barchu-zhol-asfalttaldy/
- Published: 2025-11-25T06:40:22.000Z
- Updated: 2025-11-25T06:40:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Нарын облусундагы Нарын – Оруктам жолунун 4-9+500-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты.** 

“Нарын” аэропортуна алып барган жолдун жалпы 5,5 чакырымы оңдолуп, жол эки тараптуу жасалды. 

Азыркы тапта министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 8 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. 

> Титулдук тизменин эсебинен ишке ашкан жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.